Орусия америкалык экс-агент Эдвард Сноуденди кайтарып берүү боюнча АКШнын өтүнүчүн аткаруудан баш тартты. "Сноуденди берүү мүмкүн эмес",- деп Путиндин кеңешчиси, адам укуктары боюнча президенттик кеңештин башчысы Михаил Федотов айтканын орусиялык ММКлар жарыялашты. Айтымында, канчалык эл аралык конвенцияга каршы келсе да, өлкөдөн баш паанек сураган адамды сураган өлкөгө кайтарып берүүгө болбойт. Ал эми АКШнын Орусиядагы элчиси Майкл Макфол Америка тарап Сноуденди экстрадициялоону эмес, жөн гана аны өз өлкөсүнө жөнөтүүнү талап кылып жатат. "АКШ экс-агентти экстрадициялоону эмес, мырза Сноуденди өлкөсүнө кайтарууну өтүнүп жатат. Биз көптөгөн адамдарды Орусияга кайрып бергенбиз",- деп жазды Макфол өзүнүн интернет баракчасына.