24-июлда Бишкек шаарындагы Октябрь районуна караштуу Туңгуч жана 7-кичи райондорунда жаңы милиция бөлүмчөлөрү ачылды. Ага шаардык кеңештин депутаттары, Бишкек ШИИББинин жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышышты. Бул жай күн сайын саат 09:00дөн 23:00гө чейин иштемекчи. “Мындай жайлардын ачылышы жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоого багытталган жана милиция кызматкерлеринин элге жакын болушун камсыздайт. Ошондой эле калк өзүнүн аймагындагы коопсуздукту сактаган милиция кызматкерлерин таанып, керектүү учурда ага кайрылганга мүмкүнчүлүгү болууга тийиш”,- деп жазылган билдирүүдө.