Оштун мэри бир катар жетекчилерге сөгүш жарыялады

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов бир катар жетекчилерге сөгүш жарыялады. Мындай чечим бүгүн, 25-июлда өткөн 2013-жылдын биринчи жарымында жасалган иштер боюнча коллегиялык жыйында кабал алынды. Анда Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Алимбай Кадыровго, мэриянын алдындагы Жол башкармалыгынын жетекчиси Сатыбалды Абдылдакуновго, “Ак каркыра” бала бакчасынын жетекчисине, ТОС №3-коммуналдык бирикмесинин төрагасы Давран Абдумажитовго, ошондой эле Жапалак айыл өкмөтүнүн башчысы Абдырасул Исмаиловго ишиндеги кемчиликтери үчүн сөгүш жарыяланды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан