Бишкек шаардык мэриясы 2013-2014-жылдарга карата жылытуу мезгилине даярдыктарды көрүү жөнүндө” токтомун чыгарды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Төмөндө токтомдун тексти:
- “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы 2013-жылдын 20-сентябрына чейин бардык жылуулук булактарын алдыдагы кыш мезгилине даярдап, керектүү отундун көлөмүн камсыз кылсын;
- Жылытуу мезгилинин башталышына чейин “Ротор” жана “КЭЧ-2” мекемелерин кургак отунга өтүүсүн жана шлактарды чыгаруу жолдорун иштеп чыксын;
- “Түндүк электр” ААКсы 2013-жылдын 15-ноябрына чейин кошумча көмөк чордондорду орнотуп, аба чубалгыларын алмаштырууну камсыз кылсын жана электр жарыгынын өчүрүлүшүн азайтуу чараларын көрсүн;
- Бишкек шаарынын ЖЭБи иш планга ылайык, электр станциянын жабдууларын оңдоп, калыбына келтирүү менен алдыдагы жылытуу мезгилине даярдасын;
- “Тазалык” муниципалдык ишканасы кар тазалоочу жана кум чачуучу техникалык каражаттардын 15-25 бирдигин сатып алуу маселесин иштеп чыксын. Техникалык каражаттарды даярдап, инерттик материалдарды даярдоону өз убагында жүргүзсүн.