Жалал-Абад шаардык мэриясында 2013-жылы 6 ай ичинде 8 кызматкер иштен бошотулган. Бул тууралуу мэриянын уюштуруу иштери жана кадр маселелери боюнча бөлүм башчысы Малика Мустапакулова билдирди. Айтымында, бошогон 7 орунга сынак аркылуу жаңы кызматкерлер дайындалган. "Бүгүнкү күндө социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчылыгына сынак жарыяланууда",- дейт Мустапакулова. Ал эми прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгында 6 ай ичинде кесиптик милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн 13 кызматкерге чара көрүлгөн.