Берлинде Кыргыз-Герман комиссиясынын жыйыны болуп өттү

14-ноябрь күнү Германиянын Берлин шаарында өлкөлөр аралык Кыргыз-Германия комиссиясынын жыйыны болуп өткөнүн ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Жыйында эки тарап Кыргызстандагы этникалык немистерди коргоо жана колдоо боюнча сүйлөшүп, эки өлкө аралык кызматташууну өркүндөтүү тууралуу талкуулашты. Ошондой эле Германия тарап Кыргызстанга өлкөдө демократияны өнүктүрүүгө жардам берерин белгиледи. Кошумчалай кетсек, Германия Кыргызстанга саясий өнүгүү үчүн 1992-жылдан бери 250 миллион евро акча бөлүп берсе, 1995-жылдан баштап Кыргызстандагы этникалык немистерди коргоо үчүн 10 миллион евро бөлүп берген.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан