Ош шаарындагы Автотоктомолор, автокоюу жана автогараж дирекциясынын жетекчиси Жаныбек Маматовго сөгүш жарыяланды

Бүгүн, 25-июлда Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов шаардагы Автотоктомолор, автокоюу жана автогараж дирекциясынын жетекчиси Жаныбек Маматовго сөгүш жарыялады. “Комиссия дирекциянын ишмердүүлүгүн текшерүү учурунда унаа токтоткондугу тууралуу бир күндө шаар боюнча 3 гана дүмүрчөк берилгендиги аныкталган. Мындай абалда шаардын бюджети кантип толот? Унаасын токтоткон адамдан сиздин дүмүрчөгүңүз кайда деп сураганда, көпчүлүгү анын бар экенин да билишкен эмес”,- деди шаар башчысы. Мырзакматов Ош шаары боюнча экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын жетекчисине кайрылып, буга тиешеси бар күнөөлүүлөрдү териштирип, аларга чара кабыл алууну тапшырды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан