Жалал-Абад. Шаардын жолдорунун оңдоо иштери 31-августта аяктайт

Жалал-Абад шаарындагы унаа жолдорду оңдоо иштери 31-августта аяктайт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Шаардык жол башкармалыгы 2012-жылдын 29-май күнү шаар көчөлөрүн оңдоп-түзөө боюнча тендер жарыялап, "Вираж сервис" ишканасы утуп алган. 2012-жылдын 16-июлуна чейин 2 750 чарчы метр жол оңдолгон. 2013-жылдын 24-майында кайрадан тендер жарыяланып, "Асфальт бетон" заводу утуп чыгып, учурда иш алып барууда. Завод 4 546 чарчы метр жолго оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөнүн Жалал-Абад шаардык жол башкармалыгынын башчысы Төлөнбек Бакиров айтат. "Жалал-Абад суу канал" башкармалыгы жана "Жалал-Абад шаардык газ чарба" башкармалыгынын түтүктөрүнүн эскилиги жетип, авариялык казууларды жүргүзүп  жатышат. Алар жолдорду оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүнө бир топ терс таасирин тийгизүүдө",- дейт Бакиров.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан