Бүгүн, 25-июлда Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Эсептөө палатасынын төрагасы Сергей Степашинди кабыл алды. Степашин өлкө башчыга ушул жылдын 24-июлунда Кыргызстан менен Орусиянын Эсептөө палаталары биргеликте өткөргөн жыйындын жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык ири долбоорлорду камтыган финансылык органдардын мындан аркы кызматташтыктары тууралуу маселелер талкууланды. Орусиянын Эсептөө палатасынын төрагасы Кыргызстанга КРнын Эсептөө палатасынын кеңеши менен Орусиянын Эсептөө палатасынын коллегиясынын кошмо отурумуна катышуу үчүн келген.