ЖЫЛНААМА, 12-МАРТ: КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов 62 жашка толду

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов 1957-жылы 12-мартта Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Тоолуу Маевка айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1980-жылы Фрунзе политехникалык институтун инженер-механик адистиги боюнча бүтүргөн. 1989-1990-жылдары Алматыдагы (Казакстан) Жогорку партиялык мектепте угуучусу болгон.
Эмгек жолун 1976-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясында лаборант болуп иштөө менен баштаган.
1978-1980-жылдары Фрунзе шаардык транспорттук агенттикте диспетчер болуп иштеген;
1980-1981-жылдары Комсомолдун Кант райкомунда инструктордун милдетин аткаруучу кызматын аткарган;
1981-1984-жылдары Фрунзе шаарындагы №3-автопаркта автоколоннанын башчысы болгон;
1984-1986-жылдары ЛКЖБ БКда инструктор;
1986-1989-жылдары Партиянын Фрунзе шаарындагы Свердлов райкомунда инструктор;
1991-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын вице-президентинин, биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы;
1994-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы транспорттук инспектору;
1998-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Темир жол башкармалыгынын башчысы;
1995-2007-жылдары I, II, III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
2007-2010-жылдары Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) тизмеси боюнча IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2008-жылдан Бириккен эл кыймылынын (БЭК) саясий бюросунун мүчөсү.
2010-жылдын апрелинен 2011-жылдын февралына чейин Бишкек шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу, ал эми 2011-жылдын февралынан 2013-жылдын 5-декабрына чейин Бишкек шаарынын мэри болгон.
2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин мүчөсү.
Үй-бүлөлүү, Азамат, Бакай аттуу уулдары жана Бактыгүл аттуу кызы бар.
12-мартка карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан