Баңгизаттарын лицензиялоого багытталган мыйзамга кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев «КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамга 25-июлда кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 13-июнда кабыл алынган. Ал баңги каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлорду контролдоо ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө багытталган. Аталган максатты ишке ашыруу үчүн "Баңгизаттарын, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" мыйзамдын 6-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталат:

-баңгизаттарын, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду өндүрүүгө, жасоого, кайра иштетүүгө, сактоого, пайдаланууга  сатууга (экспортту жана импортту кошуп алганда берүүгө сатууга), бөлүштүрүүгө, ташып келүүгө, ташып чыгарууга жана транзитке лицензия берүү. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан