11-мартта Бишкекте Кыргыз Республикасынын сотторунун XI курултайы өттү. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышып, сотторго тозок жана бейиш тууралуу айтып берди. Анда ал "Акыйкаттуу чечим кабыл алган сот бейишке, чындыкты билип туруп, акыйкатсыз чечим чыгарган соттор тозокко кирет", - деп айткан.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Мамлекеттик кызматкерлерди тозок менен коркутуп коррупцияны жеңсе болобу?" деген соболуна саясатчы Адахан Мадумаров жооп берди.
Ал ар бир кызматтагы адамдын өзүнүн айта турган жана айтпай турган сөзү болорун белгиледи.
“Мамлекеттик кызматкерлер тозок деген сөздү айтуусунун кажети жок. Себеби алар акыреттин бар экенинен, ал жакка барганда жазалана турганын билсе жаман иштерге эч качан барбайт. Кыргызда жакшы сөз бар “ишенген кожом сен болсоң, алды-алдыңдан тал карма” дегендей. Айткан сөз менен жасаган иштин шайкеш келбегендигинен балээнин баары чыгып жатат.
Акыркы 10 жылдан бери ар биринин оозунан чыкканы Кудай. “Кудай буюрса, Кудай кааласа” деп эле сүйлөшөт, бирок ал сөздөр тилинин учунда экендиги, дилинде таптакыр андай сезим жок экенин соңку 9 жылда кыргыз тарыхы бажырайтып көрсөттү. Улуу сөздөрдү айткандар тескери жактан үлгү болушууда. Мындай сөздөр менен чиновниктерди коркута албайт. Ал коркуу сезими пенденин көкүрөгүндө, адамдык касиетинде болушу керек. Адамдын жүрөгүндө коркуу сезими болсо жаман жолго барбайт жана уурулук жасабайт. Президенттин бул айткандарын жукпаган сөз катары кабыл алып койсо болот. Анткени жүрөктөн чыкпаган сөз, жүрөктөн түнөк таппайт.
Акыреттен корккон инсан, айланасына акыреттен корккон адамдарды топтойт. Ар бир жетекчи өзүнө окшошторду тандайт. Буга Жусуп Баласагын бабабыз минтип айткан: “Иттерге падыша болсо арстан, иттерден падыша чыгат андан ашкан. Эгерде арстанга ит болсо падыша, арстан да итке окшоп үрүп калат” деп. Кыргыз элинин менталитетинде баары жетекчиликке карап түздөнөт. Эгер жетекчи Исхак Раззаков, Абсамат Масалиев жана Турдакун Усубалиевдей таза инсандар болсо, тегерегине бүт тазалар келет”, - деди Мадумаров.
Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров, Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова, экс-депутат Асия Сасыкбаева, Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкердик кеңешинин төрайымы Нурипа Муканова, акын Темирлан Ормуков жана саясат таануучу Даниэл Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.