КҮНСОБОЛ: Мамлекеттик кызматкерлерди тозок менен коркутуп коррупцияны жеңсе болобу?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

11-мартта Бишкекте Кыргыз Республикасынын сотторунун XI курултайы өттү. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышып, сотторго тозок жана бейиш тууралуу айтып берди. Анда ал "Акыйкаттуу чечим кабыл алган сот бейишке, чындыкты билип туруп, акыйкатсыз чечим чыгарган соттор тозокко кирет", - деп айткан.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Мамлекеттик кызматкерлерди тозок менен коркутуп коррупцияны жеңсе болобу?" деген собол салды.

МАДУМАРОВ: "Мамлекеттик кызматкерлердин тозок деген сөздү айтуусунун кажети жок"

Саясатчы Адахан Мадумаров ар бир кызматтагы адамдын өзүнүн айта турган жана айтпай турган сөзү болорун белгиледи.

“Мамлекеттик кызматкерлердин тозок деген сөздү айтуусунун кажети жок. Себеби алар акыреттин бар экенинен, ал жакка барганда жазалана турганын билсе жаман иштерге эч качан барбайт. Кыргызда жакшы сөз бар “ишенген кожом сен болсоң, алды-алдыңдан тал карма” дегендей. Айткан сөз менен жасаган иштин шайкеш келбегендигинен балээнин баары чыгып жатат.

Акыркы 10 жылдан бери ар биринин оозунан чыкканы Кудай. “Кудай буюрса, Кудай кааласа” деп сүйлөшөт, бирок ал сөздөр тилинин учунда экендиги, дилинде таптакыр андай сезим жок экенин соңку 9 жылда кыргыз тарыхы бажырайтып көрсөттү. Улуу сөздөрдү айткандар тескери жактан үлгү болушууда. Мындай сөздөр менен чиновниктерди коркута албайт. Ал коркуу сезими пенденин көкүрөгүндө, адамдык касиетинде болушу керек. Адамдын жүрөгүндө коркуу сезими болсо жаман жолго барбайт жана уурулук жасабайт. Президенттин бул айткандарын жукпаган сөз катары кабыл алып койсо болот. Анткени жүрөктөн чыкпаган сөз, жүрөктөн түнөк таппайт.

Акыреттен корккон инсан, айланасына акыреттен корккон адамдарды топтойт. Ар бир жетекчи өзүнө окшошторду тандайт. Буга Жусуп Баласагын бабабыз минтип айткан: “Иттерге падыша болсо баатыр арстан, иттерден падыша чыгат андан ашкан. Арстандарга ит башчы болор замат, арстандар итке айланат арсылдашкан!”. Кыргыз элинин менталитетинде баары жетекчиликке карап түздөнөт. Эгер жетекчи Исхак Раззаков, Абсамат Масалиев жана Турдакун Усубалиевдей таза инсандар болсо, тегерегине бүт тазалар келет”, - деди Мадумаров.

САБИРОВ: "Тозок менен коркутууда ар кимдин өзүнүн ишеними бар, жыйынтык ошого жараша болот деп ойлойм"

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров тозок менен коркутууда жыйынтык ар кимдин өз ишенимине жараша болот деген пикирин айтты.

"Ачыгын айтканда, биз светтик мамлекетпиз. Бирок баарыбыз эле мусулманбыз, ичибизде Кудай деп, бейишти, тозокту ойлонуп жүрөбүз. Мамлекеттик кызматтагыларды антип коркутуптур дегенди уккан жокмун. Тозок менен коркутууда ар ким, ар кандай ойлонот, ар кимдин өзүнүн ишеними бар, ошого жараша болот деп ойлойм", - деди депутат

СООРОНКУЛОВА: “Президент мамлекеттик кызматкерлерге “мыйзамсыз иш кылууда Кудайдан деле корксоңор боло” деп айтты”

Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулованын айтуусунда, Кыргыз мамлекетинде акыркы учурда коррупция менен күрөшүү байкалууда.

"Өлкө башчы сотторго мыйзамсыз иштерди жасоонун алдында тозоктон корксоңор боло" деген мааниде айтты. Соттор коррупциялашкан системди жоготуп, мыйзамдуу иш алып баруусу керек. Президенттин минтип айткандары туура. Анткени азыркы соттор мыйзамдан дагы жана жазадан да коркпойт. Акыркы учурда жакшы иштер жасалганы байкалууда. Себеби 10 сотко карата кылмыш иши козголду. Бул жакшы көрсөткүч. Буга чейин мыйзамсыз иштерди аткарган соттор жазаланбай келген. Эми алар өз жазаларын алат", - деди Сооронкулова.

САСЫКБАЕВА: “Бул жашоодо тозокту күтүп отурбай элге дем берип, ишенимди кайтаруу керек”

Экс-депутат Асия Сасыкбаева тозокко түшөбүзбү же бейишке киребизби ал Кудайдын иши деген пикирин айтты.

“Өлкө башчы тозок тууралуу эмоционалдуу айткан. Мындай эмоционалдуу сөздөрдү мурунку президент деле айтчу. Бирок иш жүзүндө эч нерсе өзгөрбөйт экен. Ошондуктан мыйзамдын чегинде жазалаш керек. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун мурунку соту Эрнис Чоткараев 1 миң 300 иштин материалдарын жок кылып, качып кетти. Аны убагында кармап, соттоп, туура эмес кылган иштерин башка сотторго көргөзүү керек болчу. Ошондо жыйынтык көрүнүп, сот системинде реформа болуп жатканы байкалмак. Соттор туура эмес иштегендиктен жазаланып жатканын көргөн элдин сот адилеттүүлүгүнө ишеними көтөрүлөт эле.

Тозокко түшөбүзбү же бейишке киребизби ал Кудайдын иши. Кыргыз мамлекетинде соттордун улуттук кеңеши бар. Ага соттор туура эмес чечим кабыл алса эл кайрылат. Бирок алар эч нерсе кылбайт. Тилекке каршы, анын башында коррупционерлер турат. Аларды ким иретке келтирет? Бул жашоодо тозокту күтүп отурбай элге дем берип, ишенимди кайтаруу керек. Бүгүнкү күндө соттор дагы деле пара алып, саясий буйруктарды аткарып жатат. Ачык эле мыйзамсыз чечимдерди чыгарып, мурунку президент менен кошо адамдарды далили жок саясий куугунтукка алышты. Бүгүнкү күндө эч кимди жазалаганга эрки жетпей жатат. Ал жөнүндө айткандары да жок”, - деди Сасыкбаева.

МУКАНОВА: "Тозокко түшөсүң деген коркутуу алсыздыкты, мыйзамдар иштебегендикти көрсөтөт"

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкердик кеңешинин төрайымы Нурипа Муканова тозок менен коркутууда жыйынтык болбойт деген пикирин айтты.

"Мамлекеттик кызматкерлер канчалык деңгээлде өзүнө, Кудайга ишенерин билбейбиз да. Тозокко түшөсүң деп кичинекей балдарды алдаса болот. Чиновниктерди, элди башкарып жаткан кишилерди антип алдай албайсың, коркута да албайсың. Бул деген алсыздыкты, мыйзамдар иштебегендикти көрсөтөт. Башка механизм иштебей бизге ошол эле жол калды. Коркутуп-үркүтүп коррупционерлерди токтотобуз деген моралдык жак. Мындан жыйынтык болот деп эч ким кепилдик бере албайт", - деди ал.

ОРМУКОВ: "Тозокту айтуунун өзү эле коррупция менен күрөшүүгө алым жетпей калды дегендей болду"

Акын Темирлан Ормуков тозокту айтып коркутуу менен коррупцияны жоюу мүмкүн эмес деген пикирин айтты.

"Тозокту айтуунун өзү эле коррупция менен күрөшүүгө алым жетпей калды дегендей иш болуп калды. Мен аябай нааразы болдум. Канча адамдар Жогорку Соттон дагы утулуп калганда президентке кат жазып, жооп күтүп отурушат. Анан президент баарын Кудайга оодарып койду, бул туура эмес. Президентке докладды атайын кызматкерлер камдап беришет. Алар элдин көйгөйүн билбеген, тайкы адамдар көрүнөт. Элге Кудай деп айтсак жагат деп жазып берген окшойт. Андан көрө былтыр 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында кол койгон чечиминин бир пунктун окуп койсо элге жакмак. Ал жерде элге соттун ишенимин кайтаруу үчүн соттордун үй-бүлөсүн, тапкан байлыктарын көзөмөлгө алуу сыяктуу пункт бар экен. Ошол боюнча мыйзам чыгарылса эл сүйүнүп калмак. Соттордун жаза алышын баарыбыз өлүп, тозокко барып күтөлүбү? О дүйнөгө барганда ар ким өзү үчүн жооп берип жатканда соттордун тозокко түшкөндүгүнүн айырмасы барбы? Мисалы, бүгүн бир жаран үй-мүлкүнөн же бир тууганынан ажырап, бул дүйнөдөн көксөөсү суубай кетти. Бул боюнча тиги дүйнөдө соттордун жаза алганынан эмне пайда? Биз бийликти ошон үчүн шайладык беле? Соттор сот залында мындай сөздүн далайын уккан. Баласы өлгөн аял сотту каргап чыгып кеткенине күбө болгом. Канчалаган адамдар каргап кетип жатканда президент тозокко түшөсүң десе коркуп калышат бекен? Ыймандуулугун көрсөтсүн, бирок ар кайсы жерден эле пиар үчүн айта берген туура эмес", - деди ал.

КАДЫРБЕКОВ: “Президенттин тозок менен коркутканы - сот системинин анык багытын көргөзбөгөндүгү”

Саясат таануучу Даниэл Кадырбеков сотторду тозок менен эмес, мыйзам жолу менен коркутуу керек экенин айтты.

“Президент сотторду тозок менен коркуткандын ордуна, мыйзам аркылуу анык жана так реформалардын багытын көрсөтүшү керек болчу. Өлкө башчы жана анын желдеттери “сотторго көрсөтмө бербейбиз, мыйзамды карап иштегиле” деген талап коюш керек. Тозок менен коркутуу - сот системинин анык багытын көргөзбөгөндүк болуп саналат. Бул президент реформа кылганга кызыкдар эместигинен жана реформаны эмнеден баштаарын билбегенинен кабар берет. Жээнбеков сотторду тозок менен коркутуп, өзүнүн көз карашына карап чечерине жол таштап кетти”, - деди Кадырбеков.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан