11-мартта Бишкекте Кыргыз Республикасынын сотторунун XI курултайы өттү. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышып, сотторго тозок жана бейиш тууралуу айтып берди. Анда ал "Акыйкаттуу чечим кабыл алган сот бейишке, чындыкты билип туруп, акыйкатсыз чечим чыгарган соттор тозокко кирет", - деп айткан.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Мамлекеттик кызматкерлерди тозок менен коркутуп коррупцияны жеңсе болобу?" деген соболуна саясат таануучу Даниэл Кадырбеков жооп берди.
Ал сотторду тозок менен эмес, мыйзам жолу менен коркутуу керек экенин айтты.
“Президент сотторду тозок менен коркуткандын ордуна, мыйзам аркылуу анык жана так реформалардын багытын көрсөтүшү керек болчу. Өлкө башчы жана анын желдеттери “сотторго көрсөтмө бербейбиз, мыйзамды карап иштегиле” деген талап коюш керек. Тозок менен коркутуу - сот системинин анык багытын көргөзбөгөндүк болуп саналат. Бул президент реформа кылганга кызыкдар эместигинен жана реформаны эмнеден баштаарын билбегендигинен кабар берет. Жээнбеков сотторду тозок менен коркутуп, өзүнүн көз карашына карап чечерине жол таштап кетти”, – деди Кадырбеков.
Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров, Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова, экс-депутат Асия Сасыкбаева, Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкердик кеңешинин төрайымы Нурипа Муканова, акын Темирлан Ормуковдун пикири бул шилтемеде.