Бүгүн, 13-мартта парламенттин жалпы жыйынында "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Жыйында ИИМдин орун басары Курсан Асанов аталган мыйзам долбоору Кыргыз өлкөсүндөгү коомдук тартипти, жарандардын жана ички коопсуздукту камсыздоого багытталганын айтты.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев ИИМдин ички аскерлерине ашыкча көп укук берилип кеткенин айтты. Мындан тышкары ал эл топтолгон жерде кишилердин документтерин текшерүүгө укук берилгенин билдирип, бул Конституцияга туура келеби? деген собол салды.
Курсан Асанов ички аскерлер 2014-жылы аскердик реформанын алкагында Улуттук Гвардиянын курамына өткөнүн билдирип, бул нерсенин баары Конституцияга дал келерин белгиледи.