Ош шаарында мектептер жаңы окуу жылына даяр

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу 52 мектеп, 30 бала бакча бар. Учурда 52 мектептин баары жаңы окуу жылына карата толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтттү. "Жылыткыч системдери кышка даяр, 4 мектеп, 1 бала бакча көмүр менен жылытылат, учурда алар да кышка даяр",- дейт Шаардык билим берүү башкармалыгынын адиси Кутман Камчиев. Шаардагы кыргыз жана өзбек тилдүү мектептерге мугалимдер толугу менен жетиштүү. Орус тилдүү мектептерге физика, математика, биология, география сабактарынан жана башталгыч класстын мугалимдери жетишпейт. Бул бош жумуш орундары боюнча арыз менен 124 мугалим кайрылгандыгы айтылды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан