Борбор шаардагы “Ататүрк” сейил багына мыйзамсыз курулган үй аныкталып, тийиштүү адамдарга кылмыш иши козголду

Бишкек шаардык мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти “Ататүрк” сейил багындагы Малдыбаев көчөсү-20 дарегиндеги жер тилкесине мыйзамсыз курулган үйдү аныктады. Үйдүн курулушу департаменттин уруксатысыз башталган. Бул факты боюнча жер тилкесинин ээси А.Жабыевага курулушту токтотуу жөнүндө жазуу түрүндөгү эскертүү берилген. Бирок талап аткарылбагандыктан, Жабыевага административдик чара катары 10 000 сом айып салынып, мыйзамсыз курулушту бузуу милдеттендирилген. Бирок, учурда Жабыева тарабынан белгилинген милдеттенмелер аткарылбай келүүдө. Аталган жер тилкеси боюнча Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине карата Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгондугун билдирди шаардык мэрия. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан