Экс-мэр Нариман Түлеев боюнча өтө турган соттук отурум саат 14:00гө жылдырылды. Судья Аман Сариев Нариман Түлеевдин кан басымы көтөрүлүп кеткендиктен соттук отурум түштөн кийин баштала тургандыгын билдирди. Эске сала кетсек, бүгүн, 26-июлда Ленин райондук сотунда Нариман Түлеевге жана мэриянын мурунку кызматкерлерине карата өкүм чыгарылмак. Буга чейинки соттук отурумда мамлекеттик айыптоочулар Нариман Түлеевди 15 жылга эркинен ажыратууну соттон суранышкан эле.