Бишкекте жол оңдоо иштери үч нөөмөттө жүргүзүлүүдө

Бишкектеги Гагарин көчөсүнүн Псковская көчөсүнөн Чапаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Жол бөлүгүнүн жалпы узундугу 700 метрди, туурасы 15 метрди түзүп, 4 метрге кеңейтилүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Жол оңдоо боюнча кызматкерлерден турган топтор үч нөөмөттө иштеп жатышат. Ишке “Моржолкурулуш” ЖЧКсынан 30 курулушчу тартылган. Долбоор боюнча Гагарин көчөсүндөгү жолго эки катмарлуу асфальт төшөлөт, ошону менен бирге арыктарды, тротуарларды, тосмолорду куруу жана көчө жарыгын орнотуу боюнча иштер жүргүзүлөт. Гагарин көчөсүндөгү жолду оңдоо этаптуу жүргүзүлүп, беш тилкеге бөлүнгөн. Азыркы учурда жолдун Манас көчөсүнөн Чапаев көчөсүнө жана Тимур Фрунзе көчөсүнөн Муромская көчөсүнө чейинки бөлүктөрү оңдолуп, жол кыймылы ачылды. Ал эми Термечиков көчөсүнөн Бах көчөсүнө чейинки бөлүктө жолду оңдоого даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Август айында Гагарин көчөсүнүн Бах көчөсүнөн Некрасов көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоо белгиленген. Эске сала кетсек, Гагарин көчөсүнүн жалпы узундугу 4,2 чакырымды түзөт. Бул иштер Түркия насыясынын алкагында жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан