Чүйдүн Беш-Күнгөй айылында унаага курал менен кол салып, 310 миң долларды уурдап кеткен шектүүлөр кармала элек. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда шектүүлөрдү кармоо иштери жүрүүдө жана бул иш жетекчинин көзөмөлүнө алынган деп билдирет басма сөз катчы.
Белгилей кетсек, 6-мартта Чүйдүн Беш-Күнгөй айылында белгисиз адамдар Тойота Харриер үлгүсүндөгү унаага курал менен кол салышкан. Облустук милициянын маалыматына ылайык, кол салгандар унаадан 310 миң доллар акчаны уурдап кетишкен. Окуядан 53 жаштагы С.Б. жана анын 57 жаштагы С.М. аттуу жубайы жабыр тартып, ооруканага жеткирилген. Андан кийин унаа ээсинин абалы жакшырып, жубайы Улуттук госпиталга которулганы кабарланган.