Беш-Күнгөй айылындагы каракчылыктан жабыр тарткан айдоочунун абалы жакшы, жубайы Улуттук госпиталга которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук ооруканасынан билдиришти.
Маалым болгондой, жабыркаган аялдын абалы оор.
"Айдоочу катуу сабалып, баш мээси чайкалган жана бир нече сөөгү сынган. Анын абалы азыр жакшырып калды. Облустук ооруканада дарылануусун улантат. Ал эми жубайынын башына ок тийген, абалы оор. Компьютердик томографияга түшүрүлгөндөн кийин аны Улуттук госпиталга которуу чечими кабыл алынды", - деди облустук оорукананын башкы дарыгеринин орун басары.
Белгилей кетсек, кечээ, 6-мартта Чүйдүн Беш-Күнгөй айылында белгисиз адамдар Тойота Харриер үлгүсүндөгү унаага курал менен кол салышкан. Облустук милициянын маалыматына ылайык кол салгандар унаадан 310 миң доллар акчаны уурдап кетишкен. Окуядан 53 жаштагы С.Б. жана анын 57 жаштагы С.М. аттуу жубайы жабыр тартып, ооруканага жеткирилген.