Ысык-Көл. Мектептерде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде көмүрдүн 2 айга жеткидей запасы бар

Ысык-Көл облусундагы от жагуу жайларында, мектептерде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде көмүрдүн эки айга жеткидей запасы бар. Бул туурасында КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жыйынында өкүлчүлүктүн аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Руслан Элебесов билдирүү жасады. Анын айтымында, жер-жерлерде көмүр сатуу базалары уюшулбаганы менен, көмүр таркаткандар айылдарды кыдырып, көмүр сатып жатышат. Кошумчалап кетсек, облуста көмүрдүн тоннасы 3000-6000 сомдон сатылууда. Бюджеттин тартыштыгына байланыштуу өкмөттөн келүүчү акча каражаты кармалып, ишке кедергисин тийгизип жаткандыгын билдирет бөлүм башчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан