"Бизге "DLA Piper UK LLP" юридикалык компаниясынын консультанты эгер коррупция боюнча Кыргызстандын конкреттүү фактылары болсо "Кумтөр" маселеси боюнча Эл аралык сотко барса боло турганын айтты. Бизде азыр конкреттүү документтер, фактылар жок". Бул сөздү 26-июлда маалымат жыйында "Кыргызалтын" ишканасынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Кылычбек Шакиров айтты. Ал билдиргендей, бул багытта "Centerra Cold" компаниясы күчтүүлүк кылат. "Эл аралык сотко "биз утуп чыгабыз" деген ишеним менен гана барышыбыз керек. Эгер андай ишеним жок болсо, жөн эле коюшубуз кажет",- дейт Шакиров.