Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 25-июлда Ош шаарында иш сапары менен болду. Анда төрага шаарга салынып жаткан 4 кабаттуу медресенин курулуш иштери менен таанышып чыкты. Медресе Түштүк кичи районуна курулуп, 100 орунга ылайыкташтырылууда. Жээнбеков өзүнүн жеке фондунан курулуш иштерине деп 50 миң сом бөлүп берди.