Бишкектеги Алыкулов көчөсүндөгү жол оңдолууда

Баш калаанын Алыкулов көчөсүнүн Дэн-Сяопин көчөсүнөн темир жол өтмөгүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери кызуу жүргүзүлүүдө. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган тилкеде жол жаңыланып, кайрадан курулмакчы. Курулушчулардын айтуусу боюнча, жолго жакын курулган эски имараттарды бузуу, тазалоо иштери кошо жүргүзүлүп жаткандыктан кыйынчылыктар жаралууда. Жол курулушунун жүрүшүндө эски кирпич заводунун таштандыларын тазалоого туура келүүдө. Аталган жолдун узундугу 1,4 чакырым, туурасы 16 метрди түзөт. Жолдо кыймыл эки тараптуу жана төрт катарлуу болмокчу. Жолдун бул бөлүгүнө жүк ташуучу оор унаалардын кыймылына ыңгайлаштырылып үч катмарлуу асфальт-бетон кошулмасы жаткырылат. Жаңы жолдун курулушу Түркия насыясынын алкагында жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан