Ош шаарынын Аскар Шакиров көчөсүнүн жашоочулары мурдагы бала бакчанын имаратын кайтарып берүү талабы менен шаар жетекчилигине кайрылышты. Жашоочулар талап кылып жаткан имарат учурда Ош Мамлекеттик университетинин Бажы-юридикалык колледжи. Жашоочулардын айтымында, бала бакча 1992-жылы 120 балага ылайыкташтырылып курулган. Кийин мекеме ОшМУга сатылып кеткен. “Учурда биздин райондо бала бакча жок, балдарыбызды башка бала бакчалар кабыл албай жатышат. Айла жоктон иштебей, үйдө бала карап отурабыз”,- дешет тургундар.