Тайырбек Сарпашев: "2013-жылдын 1-мартына чейин Орусиядан 1000 трактор жана комбайн алынып келинет"
2013-жылдын 1-декабрына чейин Кыргызстанга Орусиядан 1000 трактор жана комбайн алынып келинерин вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында, дыйкандар айыл чарба техникаларын 5 жылдан 8 жылга чейин насыяга ала алышат. Вице-премьер-министр Кыргызстанга 17 000 айыл чарба техникасы жетишпей турганын кошумчалады.