Учурда Ош шаарында коммерциялык банктардын 22 филиалы, 14 кредиттик бирикме, 5 микрокредиттик агенттик, 9 микрокредиттик компания, 18 акча алмаштыруучу жайлар калкка кызмат көрсөтөт. 2013-жылдын 6 айында шаар тургундары коммерциялык банктардан 1,3 миллиард сом өлчөмүндө насыя алышкан. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы 26-июлда билдирди.