Бишкектин четинде кыш куюп жан баккандар

Ылайдан кыш куюп сатуу Бишкектин Келечек жаңы конушундагы ондогон үй-бүлөнүн жылдагы иши. Жаз келери менен короо-жайын бошотуп кыш куюуга даярдап, күзгө чейин кыш жасашат. Айрымдары атайын жалданма жумушчу жалдап иштетишет. "Бир КамАЗга жүктөлгөн топуракты 1500 сомго сатып алабыз. Андан 1000 кыш жасалат. Кыштын бир даанасын 3 сомдон сатсак 3000 сом болот. Жайында ушинтип иштеп балдарга окуу кийими, кышкыга отун, көмүр даярдоого акча топтойбуз",- дейт сүрөткө түшкүсү келбеген Акылбек аттуу мырза. Бир КамАЗдагы топуракты бир күндө түгөтүп койсо болот экен. Ал эми кыш куюуга жумушчу жалдап иштетсе, ар бир жумушчуга 1,3 - 1,4 сомдон төлөп беришет. "Алгач топуракка суу куюп үстүн клеёнка менен ороп, нанга камыр ачыткандай эле ачытабыз. Минтсек кыш оңой жасалат. Көбүнчө өзүм жасайм, жумушчу иштетпейм. Жумушчулар эптеп эле ылайды түгөтүш үчүн аракет кылышат. Бирок кардар алып жаткан товарынын сапатын карайт да. Ал деле стандартка туура келген, бекем кышты сатып алгысы келет",- дейт Акылбек мырза. Ал эми эртеден кечке муздак ылай кармап иштөөнүн ден соолукка заяндуулугу тууралуу буларды айтты: "Иш оор. Катуу чарчаган күндөрү түнү менен белим ооруп уктай албай чыгам. Бирок, айла жок, үй-бүлөнү багыш керек. Башка иш да жок өлкөдө. Кышкыга отун-сууну камдап коюп Орусияга барып иштеп келсемби деп турам". 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан