Өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Абиш Халмурзаев башка жумушка которулгандыгына байланыштуу кызматынан бошотулган. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Буга чейин өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы анын кызматынан бошотулганын же бошотулбаганын билбегенин айткан.
Халмурзаев аталган кызматка 2016-жылдын июль айында дайындалган.