Эл аралык түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) Андижан шаарында өткөн ХХХХIII Туруктуу кеңешинин жыйынында 2028-жылды Чыңгыз Айтматовдун "Түрк дүйнөсүндөгү жылы" деп жарыялоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Аталган чечим улуу жазуучунун чыгармачылыгын, адабий мурасын жана түрк дүйнөсүнүн маданиятына кошкон салымын даңазалоого багытталган.
Мындан тышкары, жыйында Талас шаары 2028-жылы "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп жарыяланган. Бул чечим түрк элдеринин орток маданий мурастарын даңазалоого жана маданий байланыштарды чыңдоого багытталган.
Белгилей кетсек, ТҮРКСОЙ — 1993-жылы түзүлгөн эл аралык уюм. Анын негизги максаты — түрк тилдүү элдердин орток маданий мурастарын сактоо, өнүктүрүү жана дүйнөгө таанытуу. Уюмга Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан мүчө.