Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров iPhone колдонуучуларынын телефондору массалык түрдө хакердик чабуулга кабылышы мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда чет элдик басылмалар жазды.
Анын айтымында, iOS операциялык системасынын эски версияларында жеке маалыматтардын коопсуздугуна коркунуч жараткан кемчиликтер бар.
Мындан улам Telegram колдонуучуларга атайын эскертүүлөрдү жөнөтө баштады.
Мессенжер iPhone ээлерин жеке маалыматтарын жана аккаунттарын коргоо үчүн операциялык системаны тез арада жаңыртууга чакырды. Ал эми канча колдонуучу хакердик чабуулга кабылганы так айтылган жок.