Жалал-Абад. Бел-Алды айылында ашар жолу менен 150 орундуу маданият үйү курулууда

Токтогул районуна караштуу Бел-Алды айылында ашар жолу менен 150 орундуу маданият үйү курулууда. Бел-Алды айыл өкмөтүнун башчысы Таалай Жайыловдун айтымында, курулуш иштери күзүндө аяктап, ишке берилет. "1992-жылы катуу жер титирөө болуп, айылдагы социалдык мекемелердин 100 пайызы урап калган. Жашоочулардын үйлөрүнүн 80 пайызы жарактан чыккан. Ал мезгилде Орусиядан жыгач үйлөр алынып келинип, жабыркагандарга таркатылган. Бирок социалдык мекемелер ошол бойдон калган",- дейт айыл өкмөт башчысы. Маданият үйүн курууга 500 миң сом жумшалганын, аны жергиликтүү бийлик каржылап жатканын кошумчалады Жайылов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан