Нарын облусунун Кочкор районунда 4,8 гектар аянтты ээлеген эс алуу багы жаңыланууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, паркта амфитеатр, балдар жана спорттук аянтчалар, мини-футбол талаасы, сейилдөө аллеялары жана унаа токтотуучу жай курулат. Учурда тротуарларды төшөө, жарыктандыруу мамыларын орнотуу жана аймакты көрктөндүрүү иштери жүрүүдө.