Мамлекеттик салык кызматы алкоголдук продукцияларды өндүргөн жашыруун цехтерди ачыкка чыгарды
Мамлекеттик салык кызматынын түштүк аймагы боюнча этил
спиртин, алкоголдук жана курамында спирт бар продукцияларын көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Ош
шаарынын жана Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун аймагында контрафакттык
алкоголдук продукцияларын аныктоо жана алкоголдук продукцияларды сатууга укугу
бар документтеринин бардыгын текшерүү үчүн рейддик салык көзөмөлүн өткөрүштү.
Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Аксы районундагы
“Кербен” базарында жүргүзүлгөн рейд учурунда алкоголдук ичимдиктерди чыгаруучу
жашыруун цех табылып, 366 бөтөлкө алкоголдук продукция тартылып алынган. Мындан сырткары Ош шаарындагы “Бостон” базарына жүргүзүлгөн
текшерүү учурунда 16 аталыштагы алкоголдук продукцияларды колго жасоо фактысы
аныкталды. 75 бөтөлкө арак жана коньяк тартылып алынды. Ошондой эле шектүү сапаттагы
акциздик маркадан 13 даана, этикетка
жана контрэтикеткадан 29 даана, шоколад эссенциясынын 1 флакону жана 1
килограмм ароматизатор табылган. Тартылып алынган алкоголдук продукциянын
үлгүсү экспертизага жөнөтүлдү.