Жалал-Абад. Өкмөттүн облустагы өкүлү: "Шайлоого байланыштуу эч кандай административдик ресурс колдонулган жок"
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубалы Төрөмаматов "шайлоого чейинки үгүт учурунда эч кандай административдик ресурс колдонулган жок" деп билдирди. 22-ноябрь күнү болуп өткөн маалымат жыйынында Ж.Төрөмаматов облустук администрация тарабынан бир да аким, мэрге кайсы бир партияны колдоо тууралуу көрсөтмө берилбегендигин айтты. "Андай болушу да мүмкүн эмес. Мен атайлап ушундай ушактар чыгып кетпесин деп үгүт учурунда район, шаарларга чыкпай, кабинетимде отуруп иштеп жаттым. Аким, мэр менен шайлоого даярдык катары штабда гана жолугуштук жана ага штабдын мүчөлөрү, ММКнын өкүлдөрү да катышты"- дейт Ж.Төрөмаматов.