30-июлда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги Алтын-Ордо конушунда, Рыскулов, Пушкин, Бейшеналиева, Репин, Космический, Дэн Сяопин, Текстильная, Оттук көчөлөрүндө, Дүйшөмбү көчөсүндөгү №6-А көп кабаттуу үйдө, Чүй проспектисинде электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн. Мындан сырткары ушул эле убакыттарда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы Чүй кургак учук ооруканасында, Калинин, Түндүк, Чкалов, Комсомол, Мичурин, Садовый көчөлөрүндө, Ленин, Жеңиш проспектилеринде, Көк-Жар айылындагы Куланов, Мадиев, Күйүкова, Курманалиев, Түлеев, Матыев, Нурманбетов, Үмөталиев көчөлөрүндө, Аламүдүн айылындагы Чернышевский, Гоголь, Горький, Чугуев көчөлөрүндө, Ленин айылындагы Бакай районунда, Чыгыш, Набережный, Алматы, Виноградный көчөлөрүндө, Жайыл районундагы Кара-Балта шаарындагы медициналык окуу жайдын районунда, нан чыгарган заводдо, 8-март көчөсүндө, Спорттук кварталдагы №1-6-үйлөрдө, Сокулук районуна караштуу Маловодный, Кара-Сакал, Селекция айылдарында, Новопавловка айылынын бир бөлүгүндө электр энергиясы чектелет. Электр энергиясынын убактылуу чектелиши электр тармактарындагы алдын алуу иштерине жана 6/10 кВт аба электр берүү чубалгысындагы өсүп кеткен бак бутактарды кыйып, кемтик изоляторлорду алмаштыруу иштерине байланыштуу болмокчу.