Бишкек шаарында 9 жашар кыздын тишин туура эмес жулгандыгы үчүн тиш доктур жумуштан кетти. Доктур тиши ооруп келген кыздын үстүнкү тишине оорутууну сездирбөөчү дарып сайып, бирок алдынкы тишин жулуп салган. Жыйынтыгында 9 жашар кыз оор шокко кабылып, бирок доктур күнөөсүн мойнуна албай койгон. Андыктан кыздын ата-энеси Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылганга аргасыз болуп, аталган доктур жумуштан айдалды.