Юстиция министрлиги КДСПнын төрагасы деп Сагынбек Абдрахмановго өзгөрткөнү белгилүү болду.
Сагынбек Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында өлкө аймактарында жыйындарды өткөргөн. 3-апрелде "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы уюштурган КСДПнын курултайы өткөн. Анда саясий кеңештин мүчөлөрү катышпаган жыйында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин партиядагы төрагалык ыйгарым укуктарынан ажыратуу маселеси бир добуштан колдоо таап, жаңы лидер болуп Сагынбек Абдрахманов шайланган.
SUPER.KG порталынын "КСДПнын талашка түшүшү бул рейдерликтин жаңы деңгээлге көтөрүлүшүбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков жооп берди. Ал бул маселе боюнча бир эле нерсе айта ала турганын билдирди.
"Сагынбек Абдрахманов аябай таланттуу жигит экен деп айтат элем. Бир нерсе жасаш жагынан Абдрахманов абдан жөндөмдүүлүгүн көрсөттү. Башка эч нерсе айта албайм. Рейдерликти жаңы деңгээлге көтөргөн ким? Абдрахманов болуп жатат. Демек, ал талантуу жигит экен", - дейт Турсунбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Данияр Тербишалиев, Мээрбек Мискенбаев, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов, КСДПнын юристи Нурбек Касымбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.