Депутат инвестициялык абалды жакшыртууга укук коргоо органдары терс таасирин тийгизип жатканын айтты

Депутат Дастан Бекешев инвестициялык абалды жакшыртууга укук коргоо органдары терс таасирин тийгизип жатканын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Азыр бир нерсе кылгандан көрө эч нерсе кылбай эле тынч отура бергенден өтөрү жок болуп калды. Өкмөт эч нерсе кыла албай калды, өлкөдөгү инвестициялык абалды жакшырталы десе, укук коргоо органдары менен сот тутуму ал аракетин жокко чыгарып салып жатат. Сот органдары чечимдеринин көбүн бюджеттин пайдасына чечип жатканы байкалып турат. Өкмөт өлкөдө сот жана укуктук реформалардын ишке ашуусуна аракет жасабаса, инвестициялык абалдын жакшырышы кыйын", - деди Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан