Бишкек мэриясынын 3 жооптуу кызматкери иштен бошотулду

29-июлда Бишкектин мэри Иса Өмүркулов шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Ага Бишкектеги райондордун акимдери, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, муниципалдык аймактык башкаруу органдарынын жетекчилери катышты. Борбор шаардын санитардык абалын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар көйгөйлөр айтылды. Кеңешменин жыйынтыгы менен №15-18-21-муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери кызматтарынан бошотулду. Свердлов районунун “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынын агрономуна жана райондун “Тазалык” муниципалдык ишканасынын ага мастерине сөгүш жарыяланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан