Борбор шаарда имараттарды жарыктандыруу иштери башталат

Борбор шаарда имараттарды жарыктандыруу иштери баштала турганын мэриядан 30-июлда билдиришти. "Имараттарды жарыктандыруу - шаар агломерациясынын негизги белгилеринин бири. Шаардын административдик жана турак-жай имараттарын, соода борборлорун жарыктандыруу шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, кечки мезгилдеги коопсуздугун камсыз кылат. Райондук администрациялар жакынкы убакытта турак-жай имараттарын, соода борборлорун жарыктандыруу иштерин баштоону пландоодо",- деп жазылат билдирүүдө. Айта кетсек, жарыктандыруу иштери Ленин районундагы Манас, Чүй, Тынчтык, Жибек Жолу проспектилеринде жайгашкан 22 имаратта, Биринчи Май районундагы чарбалык мекемелерге тиешелүү 20 имаратта, Свердлов району боюнча 32 имаратта, Октябрь районунда 12 имаратта жүргүзүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан