Москва районундагы КОСС айыл чарба кооперативи 1 жылда 1000 тонна буудай өндүрөт

Бүгүн, 30-июлда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Чүй облусуна болгон иш сапарында Москва районундагы КОСС айыл чарба кооперативинин иши менен таанышты. Аталган кооперативдин өкүлү бул жерден жылына 2 миң тонна арпа жана 1 миң тонна буудай өндүрүлөрүн билдирди. Ошондой эле кооперативде көптөгөн көйгөйлөр бар экендигин да айтты. “Биз салыкты көп төлөйбүз. Мисалы, фермерлер жердин гана салыгын төлөшсө, кооперативдер айлык акыдан, кирешеден, таштанды үчүн да акча төлөйт.  Кооперативдерди көтөрөбүз, колдойбуз деген менен мындай шартта эч бир кооперативдин иши алдыга жылбайт”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан