Украинанын жаңы президенти болуп Володимир Зеленский шайланды. Украина менен Кыргыз Республикасы чектеш мамлекеттер болбосо да, эгемендик тарыхында окшош саясий жана коомдук көйгөйлөрдү башынан кечирүүдө: эки төңкөрүш, коррупциянын жогорку деңгээли, бөтөн жерде эмгектенген мигранттары, бийликтен көңүлү калган эли.
SUPER.KG порталынын "Украинада Володимир Зеленскийдин шайлоодо жеңиши Кыргыз саясатына кандай таасир этиши мүмкүн?" деген соболуна саясий серепчи Нурсултан Акылбек төмөнкүдөй жооп берди. Анын айтымында, Украинанын башкы ийгилиги куудул Зеленскийдин шайлоодо уткандыгында эмес, өнүгүү багытын тандап алгандыгында.
"Өлкө жана эл кайсы багытта жүрүү жана кандай өнүгүү керек экенин так билет. Бийликке ким келсе да бул багыт өзгөрбөйт. Ал эми Кыргыз Республикасы акыркы жылдары бир нече өнүгүү стратегиясын кабыл алган, бирок кайда бара жатканыбыз жана бир нече жылдан кийин кандай өлкө болобуз дале түшүнүксүз. Жарандар өлкөнүн келечегине ишенбей бара жатышат.
Биз дале түрдүү рейтингдерде африкалык өлкөлөр менен атаандашып келе жатабыз. Көз каранды парламент жана сот бийлиги; укук коргоо жана салык органдары коррупциялашкан. Демократиялык институттар иштеп баштамайынча, башкаруу системи коррупциялашкан бойдон тура берсе, инвесторлордун ишеним деңгээли төмөндөйт жана эч кандай экономикалык өнүгүү болбойт.
Володимир Зеленский өзүнүн жеңиш сөзүндө мурдагы советтик мамлекеттерге кайрылып "бизди карагыла, баары колдон келет!" деп айтты. 2020-жылы өтчү парламенттик шайлоо - өлкөбүз үчүн башкы чакыруу. Эгер жарандарыбыз азыркыдай парламентти кураса, өлкө өнүгүүгө убакытты уттурат. Систем кардиналдуу жаңылоого муктаж. Жарандар гана өз добушу менен өлкөнүн өнүгүү стратегиясын аныкташы керек. Украина буга ачык мисал", - деди Акылбек.
Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Дастан Бекешев, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов, саясатчы Адахан Мадумаров, саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.