Украинанын жаңы президенти болуп Володимир Зеленский шайланды. Украина менен Кыргыз Республикасы чектеш мамлекеттер болбосо да, эгемендик тарыхында окшош саясий жана коомдук көйгөйлөрдү башынан кечирүүдө: эки төңкөрүш, коррупциянын жогорку деңгээли, бөтөн жерде эмгектенген мигранттары, бийликтен көңүлү калган эли.
SUPER.KG порталынын "Украинада Володимир Зеленскийдин шайлоодо жеңиши Кыргыз саясатына кандай таасир этиши мүмкүн?" деген соболуна КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов төмөнкүдөй жооп берди.
Анын айтымында, Кыргыз өлкөсүндө саясий элитага кирбеген адамдарды эл колдоп кеткен учурлар болгон. "Мурунку Советтер Союзуна кирген Украинадагы саясий абалды кызыгуу менен карайбыз. Көп окшоштуктар бар: ал жерде дагы 2 революция болгондон кийин элде саясий элитадан тажоо сезими бар. Ошондуктан эч кандай саясий тажрыйбасы жок жана мамлекеттик кызматта иштебеген адам президент болуп калды.
Биздин коомчулук да саясий элитадан чарчап тургандыктан, жаңы адам катары сырттан келген адамга муктаждык бар. "Толкунду көтөрүп ошонун үстүндө жүрө алган адам 2023-жылы президенттик шайлоодо жеңишке жетиши мүмкүн" деген сабак алсак болот. Бизде дагы ушул сыяктуу окуялар болгон. Сырттан келген Талант Масадыковду, Темир Асанбековду коомчулук жапырт түрдө колдоп кеткен учурлар болгон, бирок өздөрүнүн дарамети жетпей койгон. Ал эми Зеленскийдин командасы жакшы иштеди, ал өзү дагы эл менен иштей аларын көрсөттү. Эң негизгиси, эл ага ишенип жатты. Карапайым калк учурда "Зеленский сатып кетпейт, бюрократ жана коррупционер эмес" деген ойдо. Эгер бизде андай адам болсо, аны колдоп жибергенге бүт мүмкүнчүлүктөр бар", - деди Турдукулов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Дастан Бекешев, саясатчы Адахан Мадумаров, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири төмөнкү шилтемеде.