Британиялык The Economist басылмасы: "Жээнбеков Атамбаевдин ыкмаларын пайдаланып бийлигин бекемдөөдө"

Кыргыз өлкөсүндө саясий кырдаалдын курчуп кетүү коркунучу кайра жогорулап жатат. Бул тууралуу британиялык The Economist басылмасы жазып чыкты.

Макалада жазылгандай, Кыргыз өлкөсү - Борбор Азиядагы эң жакыр мамлекеттердин бири. "Кыргыз эли 2005 жана 2010-жылдары коррупциялашкан президенттерди кууп жиберген революциялар менен сыймыктанат. Бул окуялардан кийин шайлоочулар президенттин ыйгарым укуктарын чектеген конституциялык өзгөрүүлөрдү колдошкон. Эми президент бир гана мөөнөткө шайлана алат.

2017-жылдагы шайлоодон кийин өлкөдө алгачкы жолу бийлик бир президенттен экинчиге өткөн: Алмазбек Атамбаев ордун өзүнүн мураскору жана мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берген. Атамбаев мыйзамдын үстөмдүгүн коргойм деп жарыялаганы менен президенттик кызматта отуруп демократиялык өнүгүүнү алсыздантты. Ал Жээнбековду бийликке алып келиш үчүн оппозициянын лидерлерин да, өкүлдөрүн да түрмөгө отургузду. Жээнбеков ушул жол менен өз бийлигин бекемдөөдө. Былтыр Бишкектин башкы жылытуучу электр станциясы иштебей калганда шаар тургундары жылуулуксуз калышкан. Ошондо шек жараткан саясий тазалоолор орун алган. Премьер-министр Сапар Исаков кызматынан алынып, камакка алынган. Ага жабык соттук процессте "коррупция" боюнча айып тагылган.

Кыргыз өлкөсүндө саясий кырдаалдын курчуп кетүү коркунучу кайра жогорулап жатат. Атамбаев Жээнбековго катуу таарынган, себеби Жээнбеков президент болуп туруп ага сый көрсөтүүдөн баш тарткан. Атамбаев Исаковдун, штаб башчысынын жана башка тарапташтарынын камакка алынышын өзүнө каршы аракет катары сыпаттоодо. Атамбаев өлкөдөгү эң чоң партияга ээ. Өткөн айда ал Жээнбековду колдогон партияны оппозицияга өткөргөн. Экс-президент "Жээнбеков элди революцияга түртүп жатат" деп билдирүү жасаган.

Жакында Бишкектин мэри (Жээнбековдун адамы) митингдерди өткөрүүгө кийинки жылга чейин тыюу салууну сунуштаган. Бул кадам Жээнбековдун атаандаштарын токтотпой, андан бетер көкүтүп жатат. Адамдардын көбү толкундоолорду каалап жатат. Элитанын ичинде бийлик үчүн күрөш күчөп жатканда эл каалаганына жетиши мүмкүн", - деп жазылат макалада.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан