Ош облустук өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы тарабынан 2013-жылдын биринчи жарым жылдыгында 174 өрт кырсыгы катталган. Маалыматты аталган башкармалыктын башчысы Жаныбек Саипбаев бүгүн, 30-июлда билдирди. Өрт кырсыктарынын кесепетинен мамлекетке 15 455 859 сомдук зыян келтирилген. Тилсиз жоодон 5 адам ар түрдүү жаракаттарга кабылып, 2 адам каза болгон.