Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда кечээ, 22-апрелде катталган жол кырсыгы боюнча маалыматты облустук милициянын басма сөз кызматы тастыктады. Басма сөз кызматынын өкүлү Сталбек Усубакуновдун айтымында, кырсыктан 3 адам каза болгон. Белгилей кетсек, окуянын күбөсү SUPER.KG'ге 4 адам каза болгондугун билдирген болчу.
"Жол кырсыгы Балыкчы-Бөкөмбаев-Каракол унаа жолунун 213-чакырымында, Ырдык жана Конкино айылдарынын ортосунда болгон. Анда 1988-жылы туулган Оргочор айылынын тургуну Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаасы менен катуу ылдамдыкта келе жатып, каршы тилкеге чыга калган. Ал каршысында келе жаткан ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. ВАЗ-2107 унаасынын айдоочусу 1981-жылы туулган Жети-Өгүз айылынын тургуну болгон. Ал кырсык болгон жерден эле каза болуп, унаадагы башка 2 жүргүнчүнү ооруканага алып жөнөшкөн. Алардын бири 1987-жылы туулган жаран ооруканага бараткан жолдо каза болсо, 1982-жылы туулган жабырлануучу оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Ал эми Тойота Авенсис унаасынын айдоочусу менен Жигулидеги дагы бир жүргүнчү алган оор жаракатынан улам Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган", - деп билдирди Усубакунов.
Ошондой эле жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү жана автотехникалык экспертиза жүрүүдө.
Сталбек Усубакуновдун айтымында, Ысык-Көл облусу боюнча катталган жол кырсыктары жылдын 1-чейрегине карата басымдуу учурда айдоочулардын этиятсыздыгынан улам келип чыгууда. 4 айдын жыйынтыгына таянсак, облус боюнча катталган жол кырсыктарынын 92 пайызы айдоочулардын, ал эми 8 пайызы жөө жүрүүчүлөрдүн этиятсыздыгынан улам болгон.