Өкмөт башчы мамлекеттик башкаруу системи боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин мамлекеттик башкаруу системи боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди. Бул тууралуу ал кечээ, 23-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчынын айтымында, 2018-жылы мекемелер аралык комиссия түзүлүп, анда аткаруу бийлигинин органдарынын штаттык түзүмү каралган. "Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен мамлекеттик органдарда бирин-бири кайталаган функциялар жоюлуп, бириктирилди. 1,5 миң штаттык бирдик оптималдаштырылды. Ошондой эле өкмөткө жүктөлүп калган, мекемелердин өзү гана аткара турган функциялар өздөрүнө кайтарылып берилди. Бул иштер мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин күчөтүп, чечимдерди кабыл алуу процедураларын жөнөкөйлөштүрүп, ишти тездетүүдө; ошондой эле 85,3 миллион сом үнөмдөлдү. Булар менен бирге элибизге көрсөтүлүүчү мамлекеттик акысыз кызматтардын санын көбөйтүү, аларды электрондук форматка өткөрүү иштери активдүү жүрдү. Мисалы, 14 муниципалдык кызмат элге акысыз көрсөтүлө баштады", - деди Абылгазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан