КРнын эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте "Эмигранттар" аттуу спектакль даярдалууда

Бишкектеги Т.Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата польшалык драматург Славомир Мрожектин “Эмигранттар” аттуу пьесасынын негизинде спектакль даярдалууда. "Аны Тажикстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Барзу Абдуразаков сахналаштырууда",- деп билдиришти аталган театрдан. Башкы ролдордо КРнын Эл артисти Эгемберди Бокболиев, КРнын Эмгек сиңирген артисти Марат Козукеев жана башка театр артисттери ойнойт. Айта кетсек, “Эмигранттар” пьесасын кыргыз тилине адабиятчы жана котормочу Абибилла Пазылов которгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан